kyrgyzLLM_bench
Collection
Welcome to the KyrgyzLLM-Bench - Kyrgyz LLM Evaluation Dataset, your one-stop solution for evaluating Large Language Models (LLMs) in Kyrgyz.
•
7 items
•
Updated
№
stringclasses 1
value | Класс
stringclasses 1
value | Предмет
stringclasses 4
values | Бөлүм (KG)
stringclasses 1
value | Текст (KG)
stringlengths 48
1.83k
| Суроо (KG)
stringlengths 23
90
| Тема (KG)
stringclasses 1
value | Туура жооп
stringclasses 4
values | А (KG)
stringlengths 3
95
| Б (KG)
stringlengths 2
75
| В (KG)
stringlengths 3
125
| Г (KG)
stringlengths 3
46
| Д (KG)
stringclasses 1
value | Булак
stringclasses 1
value | Раздел (RU)
stringclasses 1
value | Текст (RU)
stringclasses 1
value | Вопрос (RU)
stringclasses 1
value | Тема (RU)
stringclasses 1
value | A (RU)
stringclasses 1
value | Б (RU)
stringclasses 1
value | В (RU)
stringclasses 1
value | Г (RU)
stringclasses 1
value | Д (RU)
stringclasses 1
value |
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
Википедия
|
Улуу Кыргыз кагандыгы — 9-кылымда Енисей Кыргыз мамлекетинин күчөп турган мезгилиндеги расмий аталышы. 840-жылы Уйгур кагандыгын талкалап, Улуу Кыргыз дөөлөтү Орхондон Чыгыш Түркстанга, Саян-Алтайдан Сыр-Дарыяга чейинки аймактарды ээлеген. Бул доор кыргыз тарыхында Кыргыз улуу державасы деп аталган. Кагандык 924-жылга чейин жашаган.
|
Улуу Кыргыз кагандыгы кайсы кылымда күчөп турган?
|
а
|
9-кылымда.
|
8-кылымда.
|
10-кылымда.
|
7-кылымда.
| |||||||||||||||
Википедия
|
Ысык-Көл (моңг. Иссиг-Куль) — Кыргызстандын түндүк-чыгышындагы туздуу, агын суусу жок көл. Түндүк Тян-Шандын орто бөлүгүндө, Күнгөй Ала-Тоо жана Тескей Ала-Тоо кырка тоолорунун аралыгындагы тектоникалык чуңкурда 1609 м бийиктикте жайгашкан. Аянты 6236 км², тереңдиги 668 мге чейин, суусунун көлөмү 1731 км³. Дүйнөдөгү туздуу көлдөрдүн ичинен аянты Каспий деңизинен жана Арал деңизинен кийинки 3-орунда, тереңдиги боюнча эң терең көл. Жээк сызыгынын уз. 688 км. Көлгө 80ге жакын суу куят, алардын эң ирилери: Жыргалаң жана Түп.
|
Ысык-Көл деңиз деңгээлинен канча бийиктикте жайгашкан?
|
б
|
668 м.
|
1609 м бийиктикте.
|
6236 км².
|
80 м.
| |||||||||||||||
Википедия
|
«Манас» — кыргыз элинин баатырдык эпосу. Бир канча муун манасчылар тарабынан оозеки айтылып, муундан муунга өтүп, бизге жетти. Эпостун көлөмү 500 миң сап ырдан ашат. Бул дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпостордун бири. «Манас» эпосу үчилтик түрүндө айтылат: биринчи бөлүгү «Манас», экинчи бөлүгү «Семетей», үчүнчү бөлүгү «Сейтек» деп аталат. Эпостун негизги сюжети Манас баатырдын жана анын укум-тукумунун кыргыз элин сырткы душмандардан коргоо үчүн күрөшүн баяндайт.
|
Манас эпосунун көлөмү канча сап ырдан ашат?
|
в
|
Бир канча муундан.
|
Үч бөлүктөн.
|
500 миң сап ырдан.
|
Эң көлөмдүү эпостордун бири.
| |||||||||||||||
Википедия
|
Каракол (1889–1921-ж. жана 1939–1992-ж. Пржевальск) – Кыргызстандагы шаар. Ысык-Көл облусунун административдик борбору. Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында, Тескей Ала-Тоонун этегинде, Бишкектен 400 км, Балыкчы т. ж. бекетинен 220 км алыстыкта жайгашкан. 1869-ж. негизделген. Калкы 85,5 миң (2021). Машина куруу жана металл иштетүү, курулуш материалдар, жеңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. ЖОЖ, техникум, кесиптик-техникалык окуу жайлары, театр, край таануу музейи, китепканалар бар.
|
Каракол шаары качан негизделген?
|
г
|
1992-ж.
|
1889-ж.
|
1939-ж.
|
1869-ж.
| |||||||||||||||
Википедия
|
Бишкек — Кыргызстандын борбору жана Чүй облусунун административдик борбору (курамына кирбейт). Кыргызстандын түндүгинде, Чүй өрөөнүнүн борбордук бөлүгүндө, Кыргыз Ала-Тоосунун этегинде, 700–900 м бийиктикте жайгашкан. 1825-ж. Кокон хандыгынын Пишпек чеби негизделген. 1862-ж. орус аскерлери басып алган. 1878-ж. Пишпек уездинин борбору катары калктуу конуш статусун алган. 1926-жылдан Фрунзе шаары, 1991-жылдан Бишкек. 2023-жылга карата калкынын саны 1 145 044 адамды түздү.
|
Бишкек шаары мурун кандай аталышта болгон?
|
а
|
Пишпек жана Фрунзе.
|
Кыргыз Ала-Тоосу.
|
Чүй өрөөнү.
|
Кокон хандыгы.
| |||||||||||||||
Википедия
|
Көчмөнчүлүк — адамзат тарыхындагы тиричиликтин өзгөчө формасы. Көчмөндөр жайытты, сууну, жылуучу жерлерди издеп мал менен кошо бир орундан экинчи орунга туруктуу көчүп жүрүшкөн. Кыргыз эли илгертен көчмөн турмушта жашаган. Жайында жайлоого, кышында кыштоого көчүп, убактылуу боз үйдө, кээде жер тамда жашашкан. Көчмөн маданияты дүйнөлүк цивилизацияга чоң салым кошкон.
|
Кыргыз эли илгертен кандай турмушта жашаган?
|
б
|
Отурукташкан.
|
Көчмөн турмушта.
|
Шаарда.
|
Үңкүрдө.
| |||||||||||||||
Википедия
|
Ысык-Көл кыш мезгилинде тоңбогондуктан, ага Сибирден, Казакстандан ж.б. жылуу жакка учуп бара жаткан ак куулар (лебедь) келип кышташат. Ак куулар көлдүн айрым булуңдарына топтолуп, жазга чейин жашашат. Бул көрүнүш туристтерди жана жергиликтүү элди өзүнө тартат. Ак куулар Кыргызстанда коргоого алынган канаттуулардын катарына кирет.
|
Кышында Ысык-Көлгө кайсы канаттуулар келип кышташат?
|
в
|
Каздар.
|
Өрдөктөр.
|
Ак куулар.
|
Турналар.
| |||||||||||||||
Википедия
|
Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы — Кыргыз сому. Ал 1993-жылы 10-майда жүгүртүүгө киргизилген. Бир сом 100 тыйынга барабар. Сомдун киргизилиши Кыргызстандын экономикалык көз карандысыздыгынын маанилүү кадамы болгон. Учурда Кыргызстанда банкноттор (1, 5, 10, 20, 50, 100, 200, 500, 1000, 5000 сом) жана тыйындар (1, 3, 5, 10 сом жана 1, 10, 50 тыйын) жүгүртүлөт.
|
Кыргыз сому качан жүгүртүүгө киргизилген?
|
г
|
100 тыйынга барабар болгондо.
|
1991-жылы.
|
2000-жылы.
|
1993-жылы 10-майда.
| |||||||||||||||
Википедия
|
Илбирс (Panthera uncia) — мышыктар тукумундагы сүт эмүүчү жаныбар. Борбордук Азиянын тоолуу аймактарында жашайт. Кыргызстанда Теңир-Тоо, Алай-Куу, Фергана тоо кыркаларында кездешет. Илбирс – сейрек кездешүүчү жаныбар, ал Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген. Дүйнө жүзүндө саны азайып бара жаткандыктан коргоого муктаж. Ал жалгыз жашап, негизинен тоо эчки, аркар сыяктуу жаныбарларга аңчылык кылат.
|
Илбирс кайсыл тукумга кирет?
|
а
|
Бөөрү тукумуна.
|
Мышыктар тукумуна.
|
Аюу тукумуна.
|
Түлкү тукумуна.
| |||||||||||||||
Википедия
|
Алыкул Осмонов (1915-1950) — кыргыз элинин улуу акыны. Ал 1915-жылы Панфилов районунун Каптал-Арык айылында туулган. Жаш кезинен жетим калып, балдар үйүндө тарбияланган. Фрунзедеги педагогикалык техникумду аяктаган. Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгы кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Анын көптөгөн ырлары, поэмалары элге кеңири таралган. Ошондой эле ал дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн кыргыз тилине которгон.
|
Алыкул Осмонов кайсы райондо туулган?
|
а
|
Панфилов районунда.
|
Каракол районунда.
|
Ак-Талаа районунда.
|
Тоң районунда.
| |||||||||||||||
Адабият
|
Илгери-илгери бир куш жыгачтын башына уя салып, эки балапан чыгарат. Балапандардын биринин аты Күкүк, экинчисиники Зейнеп экен. Балапандар чоңоюп, уядан учууга жакындап калат. Учарга жакын Күкүк менен Зейнеп алмак-салмак канаттарын күүлөп, машыга баштайт. Бир күнү Күкүк уянын кырына чыгып алып талпынат. Талпынып жатып, уядан кулап түшүп, жердеги жаракага кирип кетет. Уяда калган Зейнеп бир тууганына кантип жардам берерин билбей чыркырап кала бериптир. Күкүк ошол бойдон дайынсыз жоголот. Бир оокумда Зейнеп менен Күкүктүн ата-энеси келип, Күкүктүн жер алдына кирип кеткенин угушуп, артынан из деп жөнөшөт. Жаракага түшүп, алар да жок болот. Уяда бир нече күн "күкүк" деп сайрап отуруп, Зейнеп да учуп кетет. Ошол күндөн бери Зейнеп бир тууганын чакырып, "Күкүк" деген боюнча жүрөт. Ал эми Күкүк жер алдын да жашап, "Зейнеп" деп чакыра берет экен.
|
Күкүк эмне болуп дайынсыз жоголот?
|
б
|
Уядан учуп кеткен
|
Уядан кулап жердеги жаракага кирип кеткен
|
Ата-энеси менен жаракага түшүп кеткен
|
Зейнепти издеп учуп кеткен
| |||||||||||||||
Адабият
|
Илгери бир абышка-кемпир жашаган экен. Экөө көп жыл балалуу болбой жүрүп, карыганда уулдуу болушат. Маңдайга бүткөн жылдызыбыз, башыбызга күн түшсө сүйүнөр медерибиз, зериккенде жарпыбызды жазар эрмегибиз деп, баланы канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, суук көздөн оолак тутуп, эрезеге жеткиришет.
|
Абышка-кемпир баласын кантип багышкан?
|
в
|
Катуу кармап.
|
Эркелетип.
|
Суук көздөн оолак тутуп, аярлап.
|
Өз алдынча.
| |||||||||||||||
Адабият
|
Илгери-илгери өткөн бир замандарда ушул азыркы Нарын турган жер учукыйры көрүнбөгөн чытырман түнт токой болуп, анда не бир түркүн жан жаныбарлар күн кечиришип, не бир сонун түмөн түрлүү канаттуу куштар безеленип сайрап турчу дешет. Мына ошол ажайып бейиш бакты мекендеп, аңчылыкты кесип туткан кыргыздардын моңол деген уруусунан Көкө аттуу ары балбан, ары көзгө атар мерген чыгыптыр. Ал ата кесибин улантып, мергенчилик менен күн кечирип жатканда, өзүнүн жериндеги азырак элди кара тумоо, чечек, сынга, мерес сыяктуу дабаасыз дарт каптап, жумурай журттун шаштысын, тынчын алат. Ошондой дарттын зардабынанбы же жоокерчилик замандагы уруулар ор тосунда тезтез болуп туруучу кандуу кагьшыпгууларданбы, айтор, эл абдан кыйналат, бирок ырыстуу ынтымакчылыктан, касиеттүү кайрымдуулуктан кайтышпайт, бирибирине кол кабыш кылып, журт уюткусу бөлүнбөйт.
|
Окуя болгон мезгилде элдин абалы кандай эле?
|
а
|
Ынтымакта жана кайрымдуу.
|
Бай жана бактылуу.
|
Биримдиги жок.
|
Бири-бирине кол кабыш кылбаган.
| |||||||||||||||
Адабият
|
Айылдык бир киши бир күнү падышага белек тартуулагысы келип, бакчасындагы алмуруттан чогултуп алып, жолго чыгат. Сарайдын оозуна келгенде бекчи аны ичкери такыр киргизбей: Эгер, сен алпарган белегиңди падыша алып, ордуна сага берген белегиңин жарымын мага берсең, киргизем, дейт. Байкуш киши айласыздыктан бекчинин айткандарына макул болот. Падыша абдан ыраазы болуп: Кымбаттум, сенин белегиндин ордуна сага эмне берип, сени ыраазы кыла алам, десе, айылдык: Жонумдан чыбык менен 50 жолу балак алыңыз, дейт.
|
Бекчи айылдык кишиден эмне талап кылган?
|
в
|
Падышанын белегинин баарын.
|
Белекти такыр бербөөнү.
|
Падыша берген белектин жарымын.
|
Алмуруттарды толугу менен.
| |||||||||||||||
Адабият
|
Бир айылдык кишинин жакшы аты бар болчу. Ал ар күн атынын башын сылап, келишимдүү келбетине суктанып караар эле. Күндөрдүн биринде бир ууру сарайга кирип, атын уурдап кетет. Киши атынын уурдалганына бир канча күн кайгырып, башка бир ат сатып алууга шаарга келет. Базарда оңго-солго карап жүрүп, күтүүсүздөн өз атын көрүп калат. Ээри менен жүгөнүн алмаштырып, сатканы алып чыгышкан экен. Айылдык адам аттын жүгөнүн кармап кыйкырды: Бул ат менин атым. Үч күн мурун уурдалып кеткен болчу. Сатуучу болсо, бул сөздөргө көнүл бурбай, кош көнүл мындай деп жооп берди. Жаңылып жатасың, мырза... Ат меники. Канча жылдан бери минип жүрөм. Акылдуу айылдык киши аттын эки көзүн колу менен жаап туруп: Андай болсо айтчы, кайсы көзү сокур бул апын? Бул жерде билинбеген эмне бар? Сол көзү сокур. Тилекке каршы, биле алган жоксуз. Сатуучу болсо, жаңылып калгансып карбаластап: Эме... Мен оң көзү сокур деп айтайын дегем, деп мукактана түштү. Канча жылдан бери минип жүргөн атымды кантип билбейин. Айылдык адам аттын көзүн ачып: Сен жалганчысың. Ал аз келгенсип уурусуң. Эй, адамдар карагыла! Аттын эки көзү тең таптаза. Ушул убакта тегеректе бир топ киши топтолуп калган эле. Айылдык адамдын акылына баары таң калышты. Сүйүктүү атын алып, айылдык адам айылына кетип бара жаткан кезде, ууруну болсо түрмөгө алып баратышкан.
|
Эл айылдык кишинин эмнесине таң калышты?
|
г
|
Атына.
|
Байлыгына.
|
Кыйкырганына.
|
Акылына.
| |||||||||||||||
Адабият
|
Шаардын эң бай адамдарынын биринин кечесине чакырылган элек. Коноктордун ичинде жаш, университетте окуган бир жигит бар экен. Үстөлгө шаарда боорукердиги, кичипейилдиги жана кылган жакшылыктары менен атагы чыккан фабриканын ээси менен чогуу отуруп калдык. Бир маалда жаш жигит жанында отурган кишиге: Бүгүн жүрөк сыздаткан бир окуя көрдүм. Тамакка көөнүм келбей турат, деп калды. Аны угуп калган фабриканын ээси, эмне болгонун сурады. Анын суроосуна жооп катары жаш жигит буларды айтты: Мен азыр убактылуу жашап жаткан үйдүн ээсинин беш баласы бар. Атасы абдан адилеттүү, намыстуу бир киши. Үй-бүлөсүн бир жерде кыш куюп багат эле. Бир канча күн мурун иштеп жатып, тамдан учуп кетип, эки буту тең сынып калды. Үйдүн бардык иши аялынын мойнунда калган болчу. Эми ал да ооруп, денеси ысып, онтоп жатат. Балдары каралбай калды. Коноктордун бардыгы жаш жигиттин айтып бергенин угуп, боору оорушуп, бири-бирине шыбырашып "Ай-ий, жаман болгон экен... кап, дүйнөдө кандай жаман нерселер болот", дешип кейишти. Анан башка нерселер, театр, өз иштери жөнүндө сүйлөшө кетишти. Фабриканын ээси өйдө болуп, бычагын табагына акырын ургулап: Урматтуу мырзалар! Мен ал байкуш, колунда жок кишилерге күйгөнүмдү 1000 лира менен билдирем деп, чөнтөгүнөн акчасын алып чыгып, үстөлдүн үстүнө койду да: Сиздер да канчалык бооруңар ооруганын, акча менен билдирсеңиздер, дегенде, үстөлдүн үстүнө миңдеген акчалар жаай баштады. Конокко келген ар бир киши байкуш үй-бүлөгө болгон кейишин жалгыз гана сөз менен эмес, үстөлгө ташталган акчалары менен далилдеп жатышты. Бир аздан кийин фабрикачы үй-бүлөөнүн ээсине алып барып бергин деп, чогулган акчаны жигитке берди. Балдар, сөз менен боорукер болуунун мааниси жана баркы жок. Боорукер болгонубузду аларга жасаган кызматыбыз, жардамыбыз менен көргөзүүбүз керек. Ошондо гана биз чындап боорукер боло алабыз.
|
Фабриканын ээси чогулган акчаны кимге берди?
|
а
|
Жаш жигитке, үй-бүлө ээсине жеткирүү үчүн
|
Ооруп жаткан аялга
|
Беш балага
|
Өзүнө алып калды
| |||||||||||||||
Адабият
|
Илгери Улукман дарыгердин Жалбыз деген жалгыз баласы болуптур. Баласы абдан акылдуу, зээндүү, өткүр болуп өсөт. Атасынын кубанычы койнуна батпай, баласына аябай ыраазы болот экен. Кундөрдүн биринде Улукман дарыгердин баласы ооруп калат. Оорусу күндөнкүнгө күчөйт. Улукман аке билген дарысынын барын берет, бардык билген чөптөн дары жасап баласын дарылайт. Бирок баланын оорусу айыкпастан кайра күчөйт. Байкуш ата күнү да, түнү да баласын кантип айыктырып, аман алып калсам деп ойлонот. Айласы кетет. Ар кай жактан дарыгерлерди чакыртат. Баары тең баланы көрүшүп эч бир жардам бере албасын айтышып, кайра жолго түшүшөт. Күндөр өтө берет. Баланын оорусу күчөп, акыры көз жумат. Атанын кайгысы жүрөгүнө батпай, жалгыз баласын жерге жашырат. Күндөрдүн биринде Улукман аке чапанын желбегей жамынып, суунун жээгинде отуруптур. Жээктен бир чоочун чөптү көрүп, акырын маки менен чөптү кесип алып, жээкке коюп, үстүнө макисин коюп коёт. Өзү колун жууп, жүзүн чайкап болуп, макисин алайын десе макисинин мизи карарып, чөпкө тийген жери эрип кетиптир. Ошондо Улукман аке: Атанды көрү ай, Жалбызым, Жалбызым, ушул чөптү Ай билгенде, аман калмак экенсиң ай, жалгызым, жалгызым, деп буркурап ыйлаган экен. Ошондон бери ошол чөптүн атын "Жалбыз" деп атап калышыптыр. Жалбыздан көп сандаган дарылар жасалып, көп ооруларга дары болуп, ооруган адамдарга пайдасы тийип келе жатат.
|
Улукман дарыгер тапкан чөптүн аты эмне деп аталып калган?
|
в
|
Дары чөп
|
Улукман чөбү
|
Жалбыз
|
Аман чөп
| |||||||||||||||
Адабият
|
Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" чыгармасы эки параллель окуяны баяндап берет. Биринчиси – Советтер Союзу доорундагы Борбордук Азиядагы турмуш тууралуу жана экинчиси – илимий-фантастикалык сюжет. Башкы каарман Бураны Едигей казак темир жол бекетинин сигналчысы болуп иштейт. Ал эски досу Казангаптын каза болгонун угуп, аны жерге берүү үчүн узак сапарга чыгат. Жолдо Едигей өзүнүн жана башка каармандардын өткөн өмүрлөрүн эскерет. Ошол эле учурда, бул чыгармадан советтик жана америкалык космонавттардын биргелешкен космостук миссиясы да баяндалат, бул сюжет глобалдык кызматташтык жана тынчтык маселелерин изилдейт.
|
"Кылым карытар бир күн" чыгармасынын башкы каарманы ким?
|
б
|
Чыңгыз Айтматов
|
Бураны Едигей
|
Казангап
|
Советтик космонавт
| |||||||||||||||
Адабият
|
Кожожаш Таластагы кытай уруусунан чыккан Карыпбай деген кишинин баласы болуп, бала чагынан эле чырпыктан жаа, чийден ок жасап, мылтык атып өскөн. Бул уруу Таластын этек жагында Күркүрөө суусунун боюнда жашап турган. Кожожаш 14-15 жашынан атканын жаза кетирбеген мерген аталат.
|
Кожожаш канча жашынан мерген аталат?
|
б
|
Бала чагынан
|
14-15 жашынан
|
Эр жеткенде
|
Карыпбайдан үйрөнгөндө
| |||||||||||||||
Адабият
|
Илгери бир кемпир-чал болуп, алардын жалгыз кара ую бар экен. Уюн саап, сүтүн ичип, каймагын каттама кылып жеп күн көрүшчү. Кемпир табакка жыйнаган каймагын тактанын алдына койчу. Муну бир шум түлкү байкап калып, күн алыс келип жеп кетчү болду. Кемпир аны мышыктан көрдү да каймакты оозу тар көнөчөкке салды. Күндөрдүн биринде түлкү кемпир-чалдын үйүнө дагы келди. Каймак табакта эмес, көнөчөктө экен. Түкөң жанталашып жатып көнөчөккө башын салып, каймакты жеп алды. Анан башын кайра чыгармакчы болду эле бирок болбоду. Куткарар эмес. Түлкүнүн айласы кетти да: -Көнөчөк аке, эми тамашанды кой. Ушунчалык убара кылганың да жетишет. Үйдө балдарым бар, кое бериниз.-деп жалынды.
|
Түлкү эмне жеш үчүн көнөчөккө башын салат?
|
б
|
Сүт
|
Каймак
|
Жуурат
|
Суу
| |||||||||||||||
Адабият
|
Мурун туткунга түшкөн эки калмак - Акжол менен Дарбаз бийликти басып алып, Жаныш менен Байыштын ата-энесин, үй-бүлөсүн кысмакка алып, калкты эзип турган экен. Жаныш менен Байыш билинбестен кебетесин өзгөртүп алышып, бардык чындыкты, ак менен караны аныкташ үчүн элди аралашат. Акырында алар Акжол, Дарбазды жазалашып, элди эзүүдөн бошотушат. Жомокто ошентип ак тилек ишке ашып, адилеттик жеңип чыгат. Мына ушунусу менен ал бизге кымбат.
|
Жаныш менен Байыш кимдерди жазалашкан?
|
б
|
Калмактарды
|
Акжол менен Дарбазды
|
Душмандарды
|
Элди кыйнагандарды
| |||||||||||||||
Жаңылыктар
|
Бишкек шаардык соту 2023-жылдын 15-ноябрында Элдик Курултай жөнүндө" мыйзамдын конституциялуулугун текшерди. Мыйзамдын демилгечиси - Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Сыдыков болгон. Сот Конституциянын 6-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, элдик курултай коомдук-өкүлчүлүк жыйын катары сакталып, ал мамлекеттик бийлик бутактарына кийлигише албайт деген чечим чыгарды. Мыйзамдын айрым беренелери Конституцияга карама-каршы келгендиктен, аларды ишке ашыруу токтотулду. Соттун чечими биротоло жана даттанууга жатпайт."
|
Бишкек шаардык соту кайсы мыйзамдын конституциялуулугун текшерди?
|
в
|
Конституциянын 6-беренесинин 2-бөлүгүн.
|
Жогорку Кеңеш жөнүндө мыйзамды.
|
Элдик Курултай жөнүндө" мыйзамдын."
|
Мамлекеттик бийлик бутактары жөнүндө мыйзамды.
| |||||||||||||||
Жаңылыктар
|
Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү максатында жаңы санариптик платформа ишке киргизилди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Платформа аркылуу туристтер Кыргызстандын кооз жерлери, мейманканалар, транспорт жана гиддер тууралуу маалымат ала алышат. Ошондой эле онлайн режиминде турларды брондоо жана төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү каралган. Министрликтин өкүлдөрү бул платформа туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, туристтик агымды көбөйтүүгө жардам берет деп ишенишет.
|
Жаңы санариптик платформанын максаты эмне?
|
а
|
Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү.
|
Мейманканалардын санын көбөйтүү.
|
Гиддерге жумуш табуу.
|
Транспорттук компанияларды колдоо.
| |||||||||||||||
Жаңылыктар
|
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2023-жылдын январь-ноябрь айларында өлкөнүн ички дүң продуктусу 9,5%га өстү. Бул өсүш айыл чарба, өнөр жай жана тейлөө тармактарындагы оң динамика менен шартталган. Инфляциянын деңгээли 12,3%ды түздү, бул мурунку жылга салыштырмалуу бир аз жогору. Өкмөт 2024-жылы экономикалык өсүштү 8% деңгээлинде күтүүдө.
|
2023-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстандын ички дүң продуктусу канча пайызга өскөн?
|
г
|
12,3%га.
|
8%га.
|
95%га.
|
9,5%га.
| |||||||||||||||
Жаңылыктар
|
Бишкекте коомдук транспорттун ишин жакшыртуу максатында жаңы автобустар алынып келинди. Мэриянын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, жаңы автобустар экологиялык стандарттарга жооп берет жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын шарттар каралган. Автобустар жакынкы күндөрү шаар каттамдарына чыгарылат. Бул демилге шаар тургундарынын ыңгайлуулугун арттырып, экологияга оң таасирин тийгизет деп күтүлүүдө.
|
Бишкекке алып келинген жаңы автобустардын өзгөчөлүгү эмнеде?
|
а
|
Экологиялык стандарттарга жооп берет жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шарттар каралган.
|
Алар газда иштейт.
|
Алар чоң сыйымдуулукка ээ.
|
Алар бекер жүргүнчү ташыйт.
| |||||||||||||||
Жаңылыктар
|
2024-жылы Кыргызстанда бирдиктүү мамлекеттик сынактын (ЖРТ) форматына өзгөртүүлөр киргизилди. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы жылы тест тапшыруунун жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлдү. Ошондой эле, тесттин негизги бөлүгүнүн максималдуу баллы жогорулатылып, предметтик тесттердин саны кыскартылды. Бул өзгөртүүлөр окуучулардын стрессин азайтып, билим деңгээлин объективдүү баалоого багытталган.
|
2024-жылы ЖРТнын форматында кандай өзгөртүүлөр болду?
|
в
|
Тесттин негизги бөлүгүнүн максималдуу баллы төмөндөтүлдү.
|
Предметтик тесттердин саны көбөйтүлдү.
|
Тест тапшыруунун жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлүп, негизги тесттин баллы жогорулатылды, предметтик тесттердин саны кыскартылды.
|
Сынактын мөөнөтү кыскартылды.
| |||||||||||||||
Жаңылыктар
|
Ош шаарында 2023-жылдын 10-декабрында Курманжан Датка - 210" аттуу иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарага белгилүү тарыхчылар, жазуучулар жана коомдук ишмерлер катышты. Форумда Курманжан Датканын тарыхтагы орду, анын мамлекеттүүлүктү сактоодогу ролу жана мурасы тууралуу баяндамалар окулду. Ошондой эле, анын өмүр жолун чагылдырган көргөзмө уюштурулду. Иш-чара Курманжан Датканын 210 жылдыгына арналды."
|
Ош шаарында болуп өткөн иш-чара кимге арналган?
|
в
|
Алымкан.
|
Барсбек Каганга.
|
Курманжан Даткага.
|
Манаска.
| |||||||||||||||
Жаңылыктар
|
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Баткен облусуна иш сапары менен барды. Иш сапардын жүрүшүндө Президент чек ара аймактарындагы курулуш иштеринин абалы менен таанышты. Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту. Президент чек ара аймактарын өнүктүрүү мамлекеттин приоритеттүү багыттарынын бири экенин белгиледи жана курулуш иштерин тездетүүнү тапшырды.
|
Президент Садыр Жапаровдун Баткен облусуна иш сапарынын максаты эмне болгон?
|
в
|
Жергиликтүү тургундардын турмушун жакшыртуу.
|
Чек ара чыр-чатактарын жөнгө салуу.
|
Чек ара аймактарындагы курулуш иштеринин абалы менен таанышуу жана жергиликтүү эл менен жолугушуу.
|
Жаңы мектептерди ачуу.
| |||||||||||||||
Жаңылыктар
|
2023-жылдын 5-декабрында Бишкекте Жашыл экономиканы өнүктүрүү" форуму болуп өттү. Форумга мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, бизнес өкүлдөрү жана эксперттер катышты. Иш-чарада Кыргызстанда жашыл экономиканы киргизүүнүн перспективалары, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу жана экологиялык маселелер талкууланды. Форумдун катышуучулары жашыл экономика өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө чоң салым кошоорун белгилешти."
|
Жашыл экономиканы өнүктүрүү" форуму качан болуп өттү?"
|
б
|
2024-жылы.
|
2023-жылдын 5-декабрында.
|
Белгисиз.
|
Декабрь айында.
| |||||||||||||||
Жаңылыктар
|
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) коррупцияга каршы күрөшүү багытында бир катар иш-чараларды жүргүздү. Жыл башынан бери бир нече жогорку кызматтагы чиновниктер пара алуу фактысы боюнча кармалды. УКМКнын билдирүүсүндө, коррупцияга каршы аракеттер мындан ары да улантылып, мыйзам бузгандарга карата катаал чаралар көрүлөрү айтылды. Бул иш-чаралар мамлекеттик башкаруу системасында тартипти орнотууга жана жарандардын ишенимин арттырууга багытталган.
|
УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү багытында жүргүзгөн иш-чараларынын натыйжасы эмне болду?
|
б
|
Жаңы мыйзамдар кабыл алынды.
|
Бир нече жогорку кызматтагы чиновниктер пара алуу фактысы боюнча кармалды.
|
Жарандардын ишеними азайды.
|
Экономикалык абал жакшырды.
| |||||||||||||||
Жаңылыктар
|
Бишкек шаарындагы мектептерде кышкы каникулдун мөөнөтү узартылды. Билим берүү башкармалыгынын чечимине ылайык, каникул 2024-жылдын 15-январына чейин созулат. Мындай чечим шаардагы сасык тумоо жана башка жугуштуу оорулардын көбөйүшүнө байланыштуу кабыл алынды. Медиктердин сунушу эске алынып, балдардын ден соолугун сактоо максатында ушундай чара көрүлдү. Окуу процесси 15-январдан кийин жанданат.
|
Бишкек мектептеринде кышкы каникул эмне себептен узартылды?
|
б
|
Жаңы жыл майрамдарына байланыштуу.
|
Шаардагы сасык тумоо жана башка жугуштуу оорулардын көбөйүшүнө байланыштуу.
|
Мугалимдердин талабы боюнча.
|
Окуу планын өзгөртүү үчүн.
| |||||||||||||||
Эсептер
|
Бакта 15 кызыл жана андан 10го аз сары алма бар.
|
Бакта бардыгы канча алма бар?
|
а
|
(15-10) + 15 = 20
|
25
|
150
|
15-10=5
| |||||||||||||||
Эсептер
|
Дүкөндөн ар бири 5 кг болгон 7 кап ун алып келишти.
|
Дүкөндөн бардыгы канча кг ун алып келишкен?
|
б
|
5 + 7 = 12
|
5 * 7 = 35
|
7 / 5 = 1.4
|
7 - 5 = 2
| |||||||||||||||
Эсептер
|
Асан дүкөнгө 100 сом менен барып, 45 сомго нан жана 30 сомго сүт сатып алды.
|
Асанда канча сом калды?
|
в
|
100 - 45 = 55
|
45 + 30 = 75
|
100 - (45 + 30) = 25
|
100 + 45 + 30 = 175
| |||||||||||||||
Эсептер
|
Класстык тактайдын узундугу 3 метр, туурасы 1 метр.
|
Класстык тактайдын аянты канча?
|
г
|
4 м
|
2 м
|
3 м
|
3 м²
| |||||||||||||||
Эсептер
|
Мектеп ашканасына 150 кг картошка алып келишти. Биринчи күнү 50 кг, экинчи күнү 40 кг картошка колдонушту. Канча кг картошка калды?
|
Канча кг картошка калды?
|
а
|
150 - 50 - 40 = 60
|
150 - 50 = 100
|
50 + 40 = 90
|
150 + 50 + 40 = 240
| |||||||||||||||
Эсептер
|
Бир кутуда 6 карандаш бар. 8 кутуда бардыгы канча карандаш бар?
|
8 кутуда бардыгы канча карандаш бар?
|
а
|
6 * 8 = 48
|
8 - 6 = 2
|
6 / 8
|
6 + 8 = 14
| |||||||||||||||
Эсептер
|
Бир саатта 60 мүнөт бар. 3 саат 30 мүнөттө канча мүнөт бар?
|
3 саат 30 мүнөттө канча мүнөт бар?
|
б
|
60 * 3 = 180
|
(60 * 3) + 30 = 210
|
60 + 30 = 90
|
30 + 3 = 33
| |||||||||||||||
Эсептер
|
Үч бурчтуктун жактары 5 см, 7 см жана 9 см. Анын периметрин тап.
|
Үч бурчтуктун периметрин тап.
|
б
|
5 * 7 * 9 = 315
|
5 + 7 + 9 = 21
|
5 + 7 = 12
|
9 - 7 = 2
| |||||||||||||||
Эсептер
|
Бир велосипед 8000 сом турат. Эки велосипед жана бир самокат (2000 сом) канча турат?
|
Эки велосипед жана бир самокат канча турат?
|
б
|
8000 + 2000 = 10000
|
(8000 * 2) + 2000 = 18000
|
8000 * 2 = 16000
|
8000 / 2 + 2000 = 6000

KyrgyzRC is a native, multiple-choice reading comprehension benchmark for the Kyrgyz language. It contains 400 questions designed to test factual understanding, inference, and reasoning.
This dataset is a core component of the KyrgyzLLM-Bench, a comprehensive suite for evaluating LLMs in Kyrgyz.
This benchmark evaluates a model's ability to understand and reason about text passages. Each question has 4 options, with 1 correct answer.
If you find this dataset useful in your research, please cite the main project paper:
@article{KyrgyzLLM-Bench,
title={Bridging the Gap in Less-Resourced Languages: Building a Benchmark for Kyrgyz Language Models},
author={Timur Turatali, Aida Turdubaeva, Islam Zhenishbekov, Zhoomart Suranbaev, Anton Alekseev, Rustem Izmailov},
year={2025},
url={[https://huggingface.co/datasets/TTimur/kyrgyzRC]}
}